«Кумтөр Голд Компани» менен «Кумтөр Оперейтинг Компанинин» активдери 1,1 млрд доллардан ашат – «Центерра»

«Кумтөр Голд Компани» менен «Кумтөр Оперейтинг Компанинин» активдери 1,1 млрд доллардан ашат – «Центерра»

«Кумтөр Голд Компани» ЖАК жана «Кумтөр Оперейтинг Компани» ЖАК төлөөгө жөндөмдүү ишканалардан болуп эсептелет. «Кумтөр» кенин кошкондо алардын активдери 1,1 млрд доллардан ашат, мындан тышкары, компаниянын тышкы карыздары жок. Бул тууралуу Centerra Gold Inc. компаниясынын билдирүүсүндө айтылат.

Компаниянын пикиринде, кыргыз бийлигинин акыркы иш-аракеттерине карабастан, кендин наркы баалуу бойдон кала берет.

«Центеррадан» билдиргендей, туунду компаниялардын банкроттугун «кайра уюштуруу» демилгеси аларга таасир этпейт. Компания 31-мартка карата 800 млн доллар жана 1,2 млрд доллардан ашуун ликвиддүүлүк менен каржылык жактан туруктуу бойдон кала бермекчи.

Поделиться в соцсетях:

НБ КР
USD 84.80
EUR 96.11
RUB 1.10
Моссовет
USD 84.90
EUR 97.11
RUB 1.12

Конвертер валют