Президент Садыр Жапаров Сочиге иш сапары менен жөнөп кетти

Президент Садыр Жапаров Сочиге иш сапары менен жөнөп кетти

Садыр Жапаров бүгүн, 24-майда, иш сапары менен РФнын Сочи шаарына жөнөп кетти.

Иш сапардын алкагында президент Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Анда эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы байланыштарды кеңейтүүнүн келечегин талкуулоо пландаштырылууда.

Регионалдык коопсуздукту, анын ичинде ЖККУ, КМШ жана ШКУнун алкагындагы коопсуздукту камсыз кылуу кызыкчылыгында өз ара аракеттенүүгө, ошондой эле евразиялык экономикалык интеграцияны тереңдетүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулат.

Жолугушуунун жүрүшүндө коронавирус инфекциясы пандемиясына каршы көрүлүп жаткан чаралар, КРга россиялык вакцинаны алып келүү да талкуулануусу күтүлүүдө.

КРнын делегациясынын курамында тышкы иштер министри Руслан Казакбаев, Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Дастан Дюшекеев, КРнын РФгы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Гүлнара-Клара Самат бар.

Поделиться в социальных сетях:

НБ КР
USD 84.61
EUR 102.12
RUB 1.14
KZT 0.201
Моссовет
USD 84.90
EUR 98.87
RUB 1.20
KZT 0.200

Конвертер валют