Кыргызстанда электр энергиясына тарифтер эмне үчүн көтөрүлүүдө?

Кыргызстанда электр энергиясына тарифтер эмне үчүн көтөрүлүүдө?

Көп жылдан бери Кыргызстанда биринчи жолу бийлик электр энергияга болгон тарифти көтөрүүнү чечти. Энергетика жана өнөр-жай министрлиги жаңы тарифтик саясат долбоорун коомдун талкуусуна койду, ал эми президент Садыр Жапаров болсо министрликтин бул планын колдоду.  Economist.kg  сайты бул тармак боюнча эксперт Эрнест Карыбеков менен маектешип, электр энергияга болгон бааны көтөрүү канчалык учурдун талабы экенин билүүгө аракеттенди.

Ортомчуларды жок кылыш керек

Карыбековдун айтымында, бул тармак көптөн бери эле өзгөрүүнү талап кылып келген. Мисалы, бул энергосекторду мамлекет гана көзөмөлдөш керек, ортомчу жеке компаниялар болсо кирешенин көп бөлүгүн ортодон алып калышууда. Кыргызстанда мындай компаниялардын саны 29га жетет.

Эксперт белгилегендей, алардын баарын чогултуп, мамлекеттик бир ишканага өткөрүү менен электр энергияга болгон бааны сактап калса болот.

 «Эгерде бир саясат жана бир башкаруу болсо, анда тарифти 1 сомго чейин түшүрүп 100 млн сомго чейин кирешени көтөрүүгө болот. Компания бир болсо, керектөөчүлөрдү башкаларга берип эмне кереги бар?» – дейт ал.  

Учурда эмне сунушталып жатканын эске алсак:

  • Төлөмдү 74 тыйынга чейин түшүрүп, аз камсыз болгон бүлөлөргө лимитти алып салуу
  • Электр энергияны бийик тоолуу жана алыскы райондордо оор шарттарда жашагандарга 1 сом 4 тыйындан кылуу
  • камсыз болгон үй-бүлөлөргө 1 сом 48 тыйындан эсептөө

Бирок президент белгилегендей, кыш мезгилинде 1000 кВт/с көп колдонгондор үчүн тарифти 2 сом 29 тыйындан кылуу сунушталды.

Бирок бул учурда президенттин жана министрликтин гана сунушу, август айына чейин эксперттик коомчулук өзүнүн вариантын сунушташы мүмкүн.

 «Эгерде бийлик биринчи ортомчу компанияларды жок кылуудан баштаса, мүмкүн тескерисинче, тарифтерди азайта алмак. Мамлекет жеке компаниялардын баарын сатып алып же кредиттин жардамы менен курса деле болмок. Үч жылдын ичинде бүт баары төлөнүп бүтмөк», – дейт эксперт.

Бирок ОЭК мамлекеттик агенттигинин пикиринде, жеке бөлүп берүүчү ортомчу компаниялар конкуренцияга жагымдуу шарттарды түзүп берип жатат.

«Алар өздөрүнүн жеке каражатына трансформатордук подстанцияларды жана ар кандай чыңалуудагы электр берүүлөрдү курушту», – деп айтылат агенттиктин акыркы жарыялаган билдирүүсүндө.  

Бөлүштүрүүчү компанияларга электр энергиянын тарифтери төмөндөгүлөрдү ичине камтычу:

  • «Электрдик станциялар» ААКнун электр энергиясын сатып алууга кеткен чыгымдары
  • Электр энергиясынын «НЭСК» ААКму аркылуу кеткен транзиттик чыгымдар
  • РЭК тармактары аркылуу кеткен транзиттик чыгымдар (эгерде болгон болсо)
  • Таратуучу ишканалардын өздүк чыгымдары (же бөлүштүрүүгө кеткен чыгымдар)

Жеке бөлүштүрүүчү компанияларга сатылган электр энергиянын энергетикалык базардагы көлөмү өткөн жылы 7%ды түзгөн.

Суу жетишсиз мезгилдер – бул шылтоо эмес

Эрнест Карыбеков белгилегендей, Токтогул суу сактагычы – мезгилдик эмес көп жылдык жөнгө салынган объект. Кургакчыл мезгилдерде суунун деңгээлин түшүрүп жибербөө үчүн, ГЭСтин жумушун жөнгө салган атайын регламент бар.

«ГЭС кургакчыл же суучул мезгилге карабай, дайыма толуп турушу керек. Андыктан азыркы бийликти күнөөлөгөн туура эмес, сууну ага чейин эле кое беришкен. 2017-жылы суунун көлөмү 19 млрд кубометрди түзгөн», – дейт ал.

Карыбеков айткандай, аз деңгээлдеги сууга чыгым көп кетет. Андыктан регламент боюнча, 1-октябрда жылытуу мезгили башталган тартып, Токтогул ГЭСинде суунун көлөмү 16 млрд кубометрден аз болбош керек, ал эми 20-апрелге карата 12 млрддан аз болбош керек.

Белгилеп кетсек, редакция Токтогул ГЭСдеги суунун көлөмү боюнча макала даярдаган эле. 2020-жылдын 20-апрелине карата суунун көлөмү 11.4 млрд кубометр болсо, 2020-жылдын 1-октябрында 15.2 млрд кубометрди түзгөн. Өткөн жылдын октябрына чейин жаңы бийлик келгиче суунун көлөмү нормага жетип жаткан. Баса, көрсөтүүчү жагдай, суу сактагычтагы суунун деңгээли так ошол 2020-жылдын октябрынан тартып тез түшүп бара жатат.

ГЭСтеги суунун азаюу себептери

Карыбеков белгилегендей, 2017-жылы Кыргызстан коңшу мамлекеттерге көп өлчөмдөгу сууну арзан баада экспорттоп жиберген. Ошондой эле өлкөдө көп өлчөмдөгү сууларды керектеген майнинг-фермалар да ишке киргизген.

«Энергетика – бул социалдык-экономикалык тармак. Ал биринчи кезекте жөнөкөй жарандарды электр энергиясы менен камсыз кылыш керек жана андан кийин гана коммерциялык ишкана боло алат. Өткөн жылы мыйзамсыз иштеп жаткан майнинг-фермаларды ачыкка чыгаруу боюнча иш жүргөн болчу, бирок «Улуттук энергетикалык холдингдин» өкүлү айткандай баары бир жең ичинен иштегендер бар экен», – деп белгилейт эксперт.

Тарифти көтөрүш керекпи?

Бийлик эмнеге тарифтерди көтөрүп жатканын бир негизге таянып түшүндүрүш керек, антпесе калк каршы болот.

 «Эгерде мамлекеттик компаниялардын кирешеси ортомчуларга кетсе «Ким ким менен?» деген суроо туулат. Президент бул тармактты караштырып, тартипке келтириш керек. Андан кийин гана калкка кайрылып, бааны көтөрүш керек», – дейт ал.

Эксперт электр энергияны коңшу мамлекеттерден карызга алууну колдойт жана анын пикиринде Кыргызстан кийин ошол өлчөмдү кайрып бере алат. Бул ТЭСке болгон жүктү да азайтат.  

 «Министр айткандай, тарифти көтөрүү – электр энергияны керектөөнүн деңгээлин азайтуу үчүн керек. Мамлекет кызматкерлери кызматтык абалына байланыштуу айта албаган да жагдайлар бар. Эгер биз электр энергияны көп колдонсок, ага иштетилген суу коңшулардын сугат иштерине кетип калат. Эгерде биз керектөөнү чектесек – алар ал сууну сатып алышка туура келет», – дейт ал.

Натыйжада, эксперт отун-энергетикалык министрлигин калкка өзүнүн чечимдерин жалпак тилде түшүндүрүп берүүсүн сунуштады.  

Поделиться в социальных сетях:

Последние новости

Ленин районунун күзөт бөлүмү 10 миң литр бензинге төлөнүүчү 2 млрд 840 млн сомдук тендерге комментарий берди 18 октября 2021 г.    13:36
ОКӨФ Ош шаарындагы ири тигүү фабрикасынын курулушун каржылайт 18 октября 2021 г.    11:22
Мамлекет 42 дарынын баасын көзөмөлгө алат 18 октября 2021 г.    10:33
Эмдөөнүн жай жүрүшүнөн улам КРнын экономикасынын калыбына келиши көп убакытты талап кылышы мүмкүн 18 октября 2021 г.    10:17
Ленин районунун күзөт бөлүмү 10 миң литр бензинди 2 млрд 840 млн сомго сатып алууга тендер жарыялады 15 октября 2021 г.    17:01
Аскар Акаев Кыргызстанды эстеди – ал «Алтын балалык» борборуна 1 млн сом которду 15 октября 2021 г.    16:09
Тенгиз Бөлтүрүк: «Кумтөрдөн» канча киреше түшүп жатканын айта албайм 15 октября 2021 г.    14:40
«Центерра Голд» КРдан чыгып кетүүгө даяр, бирок биздин 26% акциябызды сурашууда – Акылбек Жапаров 15 октября 2021 г.    14:27
Все новости
НБ КР
USD 84.61
EUR 102.12
RUB 1.14
KZT 0.201
Моссовет
USD 84.90
EUR 98.93
RUB 1.20
KZT 0.200

Конвертер валют