«Кумтөрдү» көзөмөлгө алаардан бир аз мурда, 12-майда, үчүнчү жакка жиберилген жасалма төлөм тапшырмасын колдонуп, «Кыргызалтын» ААК 29 млн долларга жакын каражатты уруксатсыз банк эсебине чыгарууга аракет кылган. Бул тууралуу Centerra Gold компаниясынын иликтөөсүндө айтылат.
Эсеп «Кумтөр Голд Компанинин» эсебине ачылгандай болгон. «Бирок бул алдамчылык аракетти үчүнчү жак аныктап, мүдөө ишке ашкан эмес», – деп кошумчалашат компаниядан.