Көп бизнестер сарайдан башталгандай эле, биз дагы үйдөн баштаганбыз — Таласты круассан менен камсыздаган Айчолпон Ермалай кызы

27 жаштагы Айчолпон Ермалай кызы апасы, бир тууган агасы болуп, Талас облусунун Киров районунда кондитердик цех иштетишет. Сезонго жараша 30-40 адамды жумуш менен камсыз кылган ишкана "Айчолпон" товардык аты менен таттууларды чыгарат жана жакынкы мезгилдерде жарым фабрикат, сүт азыктарын чыгарууга да камданып жатышкан убагы. Ал ИШКЕР MEDIA менен маек куруп, бизнеси тууралуу эле эмес, Германияга Таластын фасолдорун алып барып, ал жактын компанияларына тааныштырганын, жыйынтыгында германиялык ишкерлер менен таластык ишкерлер келишим түзүшкөнү тууралуу да айтып берди.

— Айчолпон, айтсаңыз, эмне болуп кондитердик цех ачып калдыңыздар?

Кондитердик цехти мен, байкем жана апам болуп үчөөбүз иштетебиз. Көп бизнестер сарайдан башталгандай эле, мындан сегиз жыл мурда биз дагы үйдөн баштаганбыз. Азыр болсо 600 чарчы метрлик имарат салып, цехти ошол жака көчүрдүк. Сезон жакшы убактарда 40 адамга чейин иштеп калышат. Биз айылда болсок деле 6 жумуш күнү менен иштейбиз.

Маектин уландысын im.kg сайтынан окуңуз