> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://economist.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстандын ички рыногу корголгон эмес — өндүрүш тармагындагы ишкерлердин көйгөйү
- URL: https://economist.kg/biznes/2023/07/21/kyrghyzstandyn-ichki-rynoghu-korgholghon-emies-ondurush-tarmaghyndaghy-ishkierlierdin-koighoiu/
- Published: 2023-07-21T10:42:43.000Z
- Updated: 2026-08-28T01:16:41.000Z
- Author: Economist.KG
- Tags: Бизнес

**Economist.kg кыргызча басылмасынын негизинде түзүлгөн [ИШКЕР MEDIA](https://im.kg/tag/biznes-maek/?ref=economist.kg) аймактагы бизнеске басым жасап, алардын ишмердүүлүгүндөгү жетишкендиктери менен катар көйгөйлөрүн да чагылдырып келет. Ар бир маекте дээрлик ишкерлердин баары бирдей эле көйгөйлөрдү айтышат. Алардын эң башында ички рыноктун корголбогондугу, каржылоо жана ижара маселеси турат. Импорттук товарлар фильтрден өтпөй, ички рынок корголбогондуктан алар баа саясатында ички өндүрүшкө атаандаш болуп, терс таасирин тийгизишүүдө.**

Мисалы, Кыргызстандын түштүгүндөгү бизнестин өндүрүү тармагынын ишкерлери өзбекстандык товарлардын баасына атаандаша албай жатканын айтышты. Алардын бири Кыргызстанда медициналык, инсулиндик шприцтерди өндүргөн ата мекендик "МЕДИМПЭКС" ишканасынын жетекчиси **Канатбек Кадыров** чыгарган продукциясы сапаттуу болгондугуна карабастан, өзбекстандык атаандаштарына араң туруштук берип келерин билдирди.

> *Дагы кызык жери, Өзбекстандан же Кытайдан Кыргызстанга шприц алып келсеңиз дагы эч кандай төлөм жок. Бирок биз Өзбекстанга алып кирсек, КНС төлөйбүз.* ***Биздин базарыбыз бул жагынан дагы корголгон эмес*** *", — дейт ал.*  

***Макаланынын уландысын [im.kg](https://im.kg/biznes-maek/2023/07/20/kyrghyzstandyn-ichki-rynoghu-korgholghon-emies-ondurush-tarmaghyndaghy-ishkierlierdin-koighoiu/?ref=economist.kg) сайтынан окуңуз***