Жылына чет өлкөгө 150 тоннага чейин кыргыз балын экспорттойбуз — "Аман-Гринфуд" компаниясы

Дүйнөнүн ондогон өлкөлөрүнө жылына 150 тоннага чейин кыргыз балын чыгарган "Аман-Гринфуд" компаниясы Кыргызстандагы эң ири бал экспортчулардын бири. Акча айлантуусу 90 млн сомду түзгөн компаниянын адистеринен балдын өзгөчөлүктөрү, ишкана тууралуу маалыматтарды сурадык.
Динар Абдыкадырова, сапатты көзөмөлдөө боюнча менеджер.
— Өндүрүштүн толук процессин айтып берсеңиз, балды региондордон кантип чогултасыздар? Кайсы региондон көп келет?
— Бал өндүрүү процесси талаадан, башкача айтканда, гүлдөр өскөн жерлерден башталат. Бал аарычылар/аарыкечтер чогултуп берген балды биздин компания чыпкалап, идиштерге куюп даяр өндүрүм катары кардарларга тартуулайт. Ишенимдүү, көп жылдан бери иштешип келе жаткан бал аарычылардан жана жаңыдан иштешип баштоону каалагандар менен да иштешебиз. Өндүрүлгөн балынан үлгү алып келишет жана ал үлгү өзүбүздүн лабораториялык изилдөөлөрдөн өткөндөн кийин гана кампага алынат. Өндүрүштүн толук процесси эл аралык ИСО 22 000 жана ИСО 9001 стандарттарынын талаптарына жооп берет.
Маектин уландысын im.kg сайтынан окуңуз.