> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://economist.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Саясатчылар массалык иш-чараларда кыргызстандыктарды COVID-19 илдетинен кантип сактай алат?
- URL: https://economist.kg/all/2020/11/27/sayasatchylar-massalyk-ish-charalarda-kyrgyzstandyktardy-covid-19-ildetinen-kantip-saktaj-alat/
- Published: 2020-11-27T03:00:29.000Z
- Updated: 2021-02-20T11:52:22.000Z
- Author: Economist.KG
- Tags: #covid, #wp

**Октябрь окуяларынын кесепетинен келип чыккан элдин массалык түрдө топтолушу коронавирустун жайылуу коркунучун кыйла жогорулатып, кыргызстандыктардын ден-соолугуна чоң коркунуч келтирүүдө.**

Премьер-министрлик кызматты аркалап, президенттин милдетин аткарган Садыр Жапаров көптөгөн адамдар катышкан иш-чараларды өткөргөндүктөн, өкмөт администрациясы региондордун жашоочулары менен болгон мындай жолугушууларда бардык санитардык чаралар сакталат деген билдирүү жасоого мажбур болгон.

> Ошол эле учурда, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) пандемия учурунда массалык иш-чараларды өткөрүү боюнча өзүнчө сунуштары бар.

##### Коопсуз эпидемиологиялык чөйрөнү кантип камсыз кылса болот?

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун массалык иш-чаралардагы негизги эрежеси — адамдар топтолгон же байланышта болгон жабык жайлардан оолак болуу.

![](https://storage.ghost.io/c/c3/a6/c3a66635-73fd-4349-a382-8bf5c41013f8/content/images/wp-content/uploads/2020/11/economist.kg-card-4.png)

> «Желдетилбеген жайларда көп адамдардын узак убакыт бою бири-бирине жакын болуусу COVID-19 илдетинин жайылуусуна алып келет. Мындай шартта вирус тамчы бөлүкчөлөрү же аэрозолдор аркылуу ыкчам тарайт. Андыктан, илдетти алдын алуу маанилүү», — деп билдирет ДСУ.

##### Негизги эрежелер

**Жолугушууларды таза абада өткөрүңүз**. Адамдар менен жабык жайларга караганда көчөдө жолугуу коопсузураак. Айрыкча жабык жай кичине болсо жана табигый жол менен желдетилбеген учурларда таза абаны тандаганыңыз оң.

**Адамдар көп топтолгон жерлерден жана жабык жайлардан оолак болуңуз**. Бул эрежени сактануу мүмкүн болбосо, илдетти алдын алуу иштерин жүргүзүңүз:

- Терезелерди ачып коюңуз. Бөлмөдө болсоңуз, аны табигый түрдө желдетүүнү унутпаңыз.
- Беткап тагыныңыз

---

![](https://storage.ghost.io/c/c3/a6/c3a66635-73fd-4349-a382-8bf5c41013f8/content/images/wp-content/uploads/2020/11/soros-kyrgyzstan_png_transparent_bg-kopiya.png)

Бул материал «Сорос-Кыргызстан» Фондунун колдоосу менен **«Коронавирус. Кантип жашаш керек?»** аттуу атайын долбоорунун алкагында Economist.kg каржы басылмасы тарабынан даярдалды. Материалдардын мазмуну Economist.kg сайтынын жоопкерчилиги болуп саналат жана «Сорос-Кыргызстан» Фондунун көз карашын чагылдырбайт.

#медиаколкабыш #soroskg