Ad coverAd cover
Economist logo

Банктар жана микрофинансылык уюмдар берилген насыялардын жарымын, башкача айтканда 200 миң насыянын төлөө мөөнөтүн жылдырды

Банктар жана микрофинансылык уюмдар берилген насыялардын жарымын, башкача айтканда 200 миң насыянын төлөө мөөнөтүн жылдырды

Коронавирус пандемиясынын учурунда жеке жана өкмөттүк эмес сектор кыргызстандыктарга чоң социалдык колдоо көрсөттү. Бул колдоо мамлекеттин жарандарды социалдык жактан коргоо аракетинен кыйла жогору.

Карантин жана COVID-19 илдетинин экинчи толкуну учурунда элге эң көп жардам берген ишкерлер жана өкмөттүк эмес уюмдар болду. Жеке сектордун ичинен кыргызстандыктарга банктар жана микрофинансылык уюмдар тарабынан көмөк көрсөтүлдү.

Кыргызстандагы Банктар биримдигинин төрагасы Анвар Абдраев Economist.kg басылмасына билдиргендей, COVID-19 пандемиясы башталгандан тарта Кыргызстандын коммерциялык банктары жана микрофинансылык уюмдары калкка жана бизнеске жалпы жонунан 80 миллиард сомго жакын сумманы түзгөн 200 миң насыя боюнча төлөө мөөнөтүн жылдырды. Бул өлкө боюнча берилген бардык насыялардын жалпы көлөмүнүн жарымына барабар.

Абдраевдин айтымында насыялардын мөөнөтүн жылдыруу Улуттук банктын сунушу гана болгонуна карабай, бардык банктар жана микрофинансылык уюмдар бул демилгени колдоп чыккан. “Насыя портфелинин 50%нан көбү COVID-19 илдетинин кесепетинен жабыр тарткан бизнес өкүлдөрүнүн жана жеке жарандардын төлөмдөрүнүн мөөнөтүн узартууга жумшалган”,— деп билдирди ал.

Абдраев бардык банктар насыя пайыздарын төлөө мөөнөтүн үч айдан бир жылга чейин жылдырганын кошумчалады.

Кошумча колдоо үчүн төмөнкү чаралар көрүлдү:

  • Насыялык милдеттенмелерди аткарбаганы / талаптагыдай аткарбаганы үчүн карыз алуучуларга карата айып пулдар, туумдар (туумдар / айыптар) алынып салынды.
  • Насыя келишимдеринин шарттарын кайра карап чыгууга байланыштуу комиссияларды жана башка төлөмдөрдү чегерүүгө жана чогултууга тыюу салынат.
  • Кредиттик төлөмдөрдүн мөөнөтү өтүп кеткендиги жөнүндө маалыматтарды терс насыялык маалыматтарга киргизүү токтотулган.

Бул материал «Сорос-Кыргызстан» Фондунун колдоосу менен «Коронавирус. Кантип жашаш керек?» аттуу атайын долбоорунун алкагында Economist.kg каржы басылмасы тарабынан даярдалды. Материалдардын мазмуну Economist.kg сайтынын жоопкерчилиги болуп саналат жана «Сорос-Кыргызстан» Фондунун көз карашын чагылдырбайт.

#медиаколкабыш #soroskg

Материалы по теме

Ad coverAd cover