Саясатчылар массалык иш-чараларда кыргызстандыктарды COVID-19 илдетинен кантип сактай алат?

Саясатчылар массалык иш-чараларда кыргызстандыктарды COVID-19 илдетинен кантип сактай алат?

Октябрь окуяларынын кесепетинен келип чыккан элдин массалык түрдө топтолушу  коронавирустун жайылуу коркунучун кыйла жогорулатып, кыргызстандыктардын ден-соолугуна чоң коркунуч келтирүүдө.

Премьер-министрлик кызматты аркалап, президенттин милдетин аткарган Садыр Жапаров көптөгөн адамдар катышкан иш-чараларды өткөргөндүктөн, өкмөт администрациясы региондордун жашоочулары менен болгон мындай жолугушууларда бардык санитардык чаралар сакталат деген билдирүү жасоого мажбур болгон. 

Ошол эле учурда, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) пандемия учурунда массалык иш-чараларды өткөрүү боюнча өзүнчө сунуштары бар.

Коопсуз эпидемиологиялык чөйрөнү кантип камсыз кылса болот?

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун массалык иш-чаралардагы негизги эрежеси — адамдар топтолгон же байланышта болгон жабык жайлардан оолак болуу.

 «Желдетилбеген жайларда көп адамдардын узак убакыт бою бири-бирине жакын болуусу COVID-19 илдетинин жайылуусуна алып келет. Мындай шартта вирус тамчы бөлүкчөлөрү же аэрозолдор аркылуу ыкчам тарайт. Андыктан, илдетти алдын алуу маанилүү», — деп билдирет ДСУ. 

Негизги эрежелер

Жолугушууларды таза абада өткөрүңүз. Адамдар менен жабык жайларга караганда көчөдө жолугуу коопсузураак. Айрыкча жабык жай кичине болсо жана табигый жол менен желдетилбеген учурларда таза абаны тандаганыңыз оң.

Адамдар көп топтолгон жерлерден жана жабык жайлардан оолак болуңуз. Бул эрежени сактануу мүмкүн болбосо, илдетти алдын алуу иштерин жүргүзүңүз:

  • Терезелерди ачып коюңуз. Бөлмөдө болсоңуз, аны табигый түрдө желдетүүнү унутпаңыз.  
  • Беткап тагыныңыз

Бул материал «Сорос-Кыргызстан» Фондунун колдоосу менен «Коронавирус. Кантип жашаш керек?» аттуу атайын долбоорунун алкагында Economist.kg каржы басылмасы тарабынан даярдалды. Материалдардын мазмуну Economist.kg сайтынын жоопкерчилиги болуп саналат жана «Сорос-Кыргызстан» Фондунун көз карашын чагылдырбайт.

#медиаколкабыш #soroskg

Поделиться в социальных сетях:

НБ КР
USD 84.61
EUR 102.12
RUB 1.14
KZT 0.201
Моссовет
USD 84.90
EUR 103.84
RUB 1.14
KZT 0.210

Конвертер валют