Бир жүргүнчүгө бир гана коштоочу адам. «Манас» эл аралык аэропорту аэропортторго баруу эрежелерин эске салды

Бир жүргүнчүгө бир гана коштоочу адам. «Манас» эл аралык аэропорту аэропортторго баруу эрежелерин эске салды

Кыргызстандагы бардык аэропорттордун оператору, «Манас» эл аралык аэропорту (ААК МАМ, мамлекеттин үлүшү 79%), коронавирустун жайылуу коркунучу жогору болгондуктан, жүргүнчүлөрдү учуу учурунда тосуп алуу жана узатуу боюнча убактылуу эрежелерди киргизди.

Суук түшкөнүнө байланыштуу жана Кыргызстандын аэропортторунун имараттарына адамдарды киргизүүгө болгон чектөөлөргө байланыштуу, компания төмөнкү эрежени сактоону өтүнөт: 1 учуп кетүүчү = 1 узатуучу же 1 учуп келүүчү = 1 тосуп алуучу.

«Кыргызстанда COVID-19 илдети боюнча эпидемиологиялык абал азырынча жакшыра элек. Буга байланыштуу, AВК (аэровокзал комплекси) имаратына жүргүнчүлөр гана киргизиле турган чектөөлөр жоюла элек. Бул чектөөлөрдү түшүнүү менен кабыл алууңузду суранабыз. Адамдардын коопсуздугу жана ден-соолугу баарынан жогору турат», — деп билдиришти компаниядан.


Бул материал «Сорос-Кыргызстан» Фондунун колдоосу менен «Коронавирус. Кантип жашаш керек?» аттуу атайын долбоорунун алкагында Economist.kg каржы басылмасы тарабынан даярдалды. Материалдардын мазмуну Economist.kg сайтынын жоопкерчилиги болуп саналат жана «Сорос-Кыргызстан» Фондунун көз карашын чагылдырбайт.

#медиаколкабыш #soroskg

Поделиться в социальных сетях:

НБ КР
USD 84.61
EUR 102.12
RUB 1.14
KZT 0.201
Моссовет
USD 84.90
EUR 103.95
RUB 1.14
KZT 0.210

Конвертер валют